Бул маселелер өлкө башчысы менен Улуттук банктын төрагасынын жолугушуусунда талкууланды. Галымжан Пирматов үстүбүздөгү жылдын үчтүн айында аткарылган акча-насыя саясатынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Буга кошумча пенсиялык фонд, Улуттук фонд жана алтын-валюта резервдеринин күнгөй-тескейи тууралуу баяндады. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев акча-насыя саясатын эффективдүү жүргүзүүнүн жана валюта рыногун мындан ары жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков