К. Токаев Болгариянын Президентин улуттук майрамы менен куттуктады

К. Токаев Болгариянын Президентин улуттук майрамы менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев Болгариянын Президентин өлкөнүн улуттук майрамы - боштондук күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы куттуктоо телеграммада достукка жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген эки тараптуу мамилелердин мындан ары бекемделишине ишенимин билдирди. Касым-Жомарт Токаев Болгария элине гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков