Казакстан президенти соттук башкаруу боюнча Эл аралык ассоциациянын башчысын кабыл алды

Казакстан президенти соттук башкаруу боюнча Эл аралык ассоциациянын башчысын кабыл алды

Соттук башкаруу боюнча эл аралык ассоциация Казакстан менен байланышты бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу бүгүн Акордодо сөз болду. Касым-Жомарт Токаев IАСА президенти Памела Харристи кабыл алды. Тараптар сот органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле сот өндүрүшүндө санариптик чечимдерди жана жасалма интеллектти колдонуунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту. Маектин жүрүшүндө сот адилеттигин реформалоо маселелери да каралды. Эл аралык ассоциациянын жетекчиси өлкөдө жүргүзүлүп жаткан укуктук реформаларды жогору баалады. Анын айтымында, соттук администрациянын жана Жогорку соттун функцияларын бөлүштүрүү дүйнөлүк практикада эң натыйжалуу чечимдердин бири болуп саналат. Казакстандын президенти мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана сот системасын реформалоо укуктук мамлекетти курууда негизги ролду ойной тургандыгын баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биз «мыйзам жана тартип» принцибин орнотууга багытталган маанилүү реформаларды колго алдык. Мыйзамдын үстөмдүгү коомго таралышы керек деп эсептейбиз. Бул өлкөбүздүн туруктуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү деп эсептейм. Ошондуктан Эл аралык Ассоциациянын Казакстан жана сот системасы менен мындан аркы кызматташуусуна ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков