Фин тараптын демилгеси менен Касым-Жомарт Токаев Александр Стубб телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү дараметин талкуулашты. Мамлекет башчылары эки тараптын өз ара соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары бекемдөөгө умтуларын ырасташты. Эки өлкө ортосундагы мамилеге жаңы дем берүү үчүн Финляндия президенти быйыл Казакстанга келүүгө даярдыгын билдирди. Ошондой эле, алдыдагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн мазмунун байытуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурулду. Анын жыйынтыгы казак-фин өнөктөштүгүнүн жаңы этабына жол ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

