Казакстан Сауд Арабиясында инновациялык хаб ачат

Казакстан Сауд Арабиясында инновациялык хаб ачат

Казакстан өзүнүн стартаптарын жана башка IT-долбоорлорун тышкы рынокко чыгарат. Бул максатта инновациялык хаб ачуу пландалууда. Казакстан  мындай долбоорду Сауд Арабиясынан баштайт. Мындан тышкары, хаб таланттуу жаш ишкерлерге көчүп, бизнесин кеңейтүүгө да жардам берет. Бул үчүн венчурдук фонддордон баштапкы инвестициялык көмөк көрсөтүлөт. Ошондой эле, инкубация жана акселерация программалары колдонулат. Расмий түрдө инновациялык хаб ачуу тууралуу келишимге Эр-Риядда өткөн Казакстан-Сауд Арабия өкмөттөр аралык комиссиясынын алтынчы отурумунда кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков