Казакстан авиа транзитинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет

Казакстан авиа транзитинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет

Казакстандын аба мейкиндиги жүк ташуучулар үчүн мурункудан дагы тартымдуу болмокчу. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Бул үчүн 2025-жылга чейин эки ири долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Алардын ичинде авиакомпанияларды ийкемдүү пайдалануу технологиясы бар. Бул негизги багыттар жана кесилиштердеги тыгынды азайтууга мүмкүндүк берет. Натыйжада учуу убактысын жана күйүүчү май керектөөнү кыскартууга өбөлгө түзүлөт.

Экинчиси - эркин навигация принциби. Бул белгилүү бир кирүү жана чыгуу чекиттеринин ортосунда максатсыз учууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бир эле учурда аралык пункттарды колдонууга болот. Мындан тышкары, жол кыймылын көбөйтүү үчүн бир катар атайын иш-чаралар каралган. Бул — кошумча секторлорду ачуу, өлкөдө лайнерлердин конуусу үчүн мейкиндикти пайдаланууну жеңилдетүү сыяктуу чаралар. Министрликтин маалыматында, бул демилгелер ишке ашса, Орусиянын аба мейкиндигинин жабылышынан улам чет элдик каттамдарды кайра карап чыгуу өлкөнүн кирешесин айына 1,5 миллион долларга көбөйтөт.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында учак жүгүртүүдөн түшкөн киреше бир миллиард теңгеден ашкан. Жүргүнчүлөрдү ташуудан 47 миллиард теңгеден ашык каражат түшкөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков