Казакстанда быйыл дагы
оруп-жыюу өнөктүгү абдан ийгиликтүү болмокчу. Айыл чарба министрлигинин
маалыматы боюнча, дыйкандар 21 миллион тоннага жакын дан жыйнашкан. Башкача
айтканда, кампага рекорддук түшүм түштү. Мекеме белгилегендей, бул жаңы
көрсөткүч дагы эле чек эмес. Бүгүнкү күндө жалпы айдоо аянтынын 83% гана
жыйналды. Жалпысынан бир катар агрардык аймактарда өткөн жайкы мезгилдин
кургакчылыгына карабастан, түшүмдүүлүк былтыркыга караганда жогору. Адистердин
маалыматы боюнча, 1,4 миллион тоннадан ашык май өсүмдүктөрү, 2,5 миллион тонна
картошка жана 3,5 миллион тоннадан ашык жашылча жыйналды. Айыл чарба
министрлигинин серепчилеринин пикиринде, оруп-жыюу мөөнөтүн кыскартууга бир
нече фактор таасир эткен. Бул заманбап техниканы пайдалануу, санариптик
мониторинг системасы жана ыңгайлуу аба ырайы. Жалпысынан, эгин жыйноо
кампаниясы уюшкандыкта жана оптималдуу мөөнөттө өтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

