AЭКБ аркылуу 7 миллиард доллар инвестиция тартылды

AЭКБ аркылуу 7 миллиард доллар инвестиция тартылды

7 миллиард доллар инвестиция жана 1700дөн ашык катталган компаниялар. «Астана» эл аралык каржы борборунун 2016-2021-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын,  «Чоң төрттүк» аудитордук компаниялардын бири болгон көз карандысыз контролер жазды. Талдоочулардын айтымында, каржы борборунун бюджеттик кайрылуусу жылдан жылга кыскарууда. Алсак, быйыл былтыркыга салыштырмалуу 15,5%га аз. Ал эми борбордун органдары, уюмдары жана катышуучулары төлөгөн салыктын көлөмү, тескерисинче, өстү. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 17 миллиард теңгеден ашкан. Адистердин айтымында, 2022-жылдын аягына чейин ал 20 миллиардга жетип, акыркы эки жылда мамлекеттик бюджеттен борборго бөлүнгөн каражаттын көлөмүн жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аналитиктердин айтымында эң негизги көрсөткүч  AЭКБ юрисдикциясынын популярдуулугу. Анын соту жана Эл аралык арбитраж борбору 1400дөн ашык чечим чыгарууга жетишкен. Жалпысынан финансы борбору 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында белгиленген бардык негизги көрсөткүчтөрдү аткарууга жетишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков