Казакстанда айыл чарба тармагына инвестициялардын көлөмү өсүүдө. Бул жаатта
Түркестан аймагы алдыда келе жатат. Облустун бул тармагына 150 миллиард теңге каражат
салынган. Аймакта эң чоң күнөскана салынды. Ошондой эле жакынкы аралыкта
пахтаны кайра иштетүүчү заводдор курулат. Аймактын дыйкандары ички рынокту
жашылча, бакча өнүмдөрү жана эт, сүт менен камсыз кылышат. Экспорт боюнча бодо
малдын этинин 80%, койдун этинин 75% аталган аймакка туура келет.
Ермухаммед Куралбеков, Түркестан облусттук айыл чарба
башкармасы башчысынын орун басары:
- Пахтаны алып келип, өндүрүп, даяр өнүмдү чыгарууга
чейинки толук циклин камтыган чоң
инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. наркы 180 млрд. Бул долбоорго керектүү 50
гектар аянтта түтүк чыгаруучу заводу, пахта текстиль фабрикасынын курулушу
башталды.
Жамбыл облусунда да инвестиция салынган каражаттын көлөмү көбөйүүдө. Быйыл
бул жерде 16 масштабдуу долбоор ишке ашырылууда. Алар региондун агроөнөр жай
комплексин өнүктүрүүгө багытталган. Инвестициянын жалпы суммасы-14 жарым
миллиард теңге. Тактап айтканда, балык чарбасы түзүлүп, сафлор майын өндүрүү
көбөйүп, алма ширесин чыгаруучу ишкана ишке кирди. Жаңы долбоорлордун жүзөгө
ашырылуусуна мамлекеттен бөлүнгөн жаңы насыялык программалар да шарт түздү. Мисалы,
канаттуулар сыяктуу чарбаларда. Жалпысынан 4 жылдын ичинде облуста 245 миллиард
теңгеден ашык суммага 36 долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жатат.
Ербол Карашөкеев, Жамбыл облусунун акими:
- Мындан тышкары, 5 млрд теңгеге тракторлор жана айыл чарба техникаларын кураштыруу
боюнча эки долбоор колго алынды. Бул фермерлерге эмгек өндүрүмдүүлүгүн
жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле "Фуфен групп" кытай
компаниясы 173 млрд теңге ге жылына
500 миң тонна жүгөрүнү суммасында терең кайра иштетүү долбооруна киришти. Кийинки
жылы 50 млрд теңгенин инвестициялык долбоорун жүзөгө ашырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

