Касым-Жомарт Токаев менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Анда Казакстандын президенти менен Си Цзиньпиндин буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга басым жасалды. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба, инвестиция, транспорт жана транзит, энергетика, мунай жана газ химиясы, геологиялык чалгындоо, автоунааларды кураштыруу, жогорку технологиялар, санариптештирүү тармактарындагы интеграция маселелери каралды. Ошону менен бирге, тараптар транс чек аралык дарыяларды биргелешип пайдалануу жаатында кызматташууну улантуу боюнча өз ара милдеттенмелерин ырасташты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Кытай Эл Республикасынын өкмөтү
дүйнөдөгү туруксуздуктун азыркы мезгилинде экономиканын стабилдүүлүгүн камсыз
кылуунун маанилүү маселесин натыйжалуу чечип жатат. Биз Кытайдын дүйнөлүк
экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын жогору баалайбыз.
Казакстан Кытай менен достук, коңшулук мамилелерди жана ар тараптуу
стратегиялык кызматташтыкты чыңдоого ар дайым өзгөчө маани берет. Казакстан ар
дайым КЭРдин ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү, достук коңшусу болуп келген жана
келечекте да ошол бойдон кала берет. Бүгүнкү күндө казак-кытай мамилелери тез
өнүгүп жатат. Буга жогорку деңгээлдеги жигердүү саясий диалог, ошондой эле, эки
өлкөнүн өкмөттөрүнүн ынтымактуу иши өбөлгө түзүүдө.
Ал эми Касым-Жомарт Токаев жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушууда Казакстан жана Кытайдын ортосундагы парламенттер аралык байланышты чыңдоо маселеси талкууланды. Анда эки тараптуу кеңири кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүп жатканы белгиленди. Казакстандын Президенти белгилегендей, эки өлкө түбөлүктүү жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн ыргагында дайыма чыңдалып келе жаткан үлгүлүү мамлекеттер аралык кызматташтыктын пайдубалын түптөдү. Касым-Жомарт Токаев өз ара соода жүгүртүүнү келечекте 40 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканын, Кытайдын Борбор Азия мамлекеттери менен болгон соода жүгүртүүсүнүн жарымы Казакстанга таандык экенин кошумчалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков