Президент Роберт Фридландты кабыл алды

Президент Роберт Фридландты кабыл алды

Өлкө башчысы Ivanhoe Mines Ltd . (Айванхо Майнс лимитед) компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин аткаруучу тең төрагасын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаевге Шу-Сарысу жез бассейнинде геологиялык чалгындоо иштери башталганы тууралуу маалымат берилди. Аталган компания жердин кен байлыктарын чалгындоого 18,7 миллион доллар бөлдү. Инвестициялардын көлөмү 4 жылда 115 млнго чейин артат. Роберт Фридланд долбоорду жүзөгө ашырууда алдыңкы аэрогеофизикалык технологиялар жана маалыматтардын санариптик талдоосун колдонуу мерчемделип жатканын айтты. Жолугушууда тоо-кен жана металл иштетүү тармагындагы кызматташуунун келечеги талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков