Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 7-консультативдик жолугушуусуна катышты

Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 7-консультативдик жолугушуусуна катышты

Казакстан президенти Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын кесиптештери менен бирге мамлекет башчыларынын 7-консультативдик жолугушуусуна катышты. Конгресс-борборунда Касым-Жомарт Токаевди Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев тосуп алды.


Өлкө лидерлеринин деңгээлиндеги консультативдик жолугушуулар өнөктөштүктү бекемдөөгө гана эмес, аймактын өнүгүүсүнүн мындан аркы векторлорун биргелешип аныктоого да мүмкүнчүлүк берет. Касым-Жомарт Токаев бул формат өзүнүн натыйжалуулугун далилдегенин баса белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Жалпы күч-аракеттер менен жетишилген аймактын ички биримдиги биздин өлкөлөрдүн алдында өнүгүүнүн жана эл аралык кызматташтыктын кең горизонтторун ачат. Аймактын глобалдык процесстердеги маанилүү ролу дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери тарабынан таанылууда. Ушул фондо "Борбордук Азия плюс" форматына кызыгуу өсүүдө. Учурдагы жыл бул жагынан көрсөткүчтүү, анткени негизги чет өнөктөштөр менен саммиттер өттү. Менин оюмча, мындай өнөктөштүктүн негизги милдеттери аймактагы туруктуулукту чыңдоо жана туруктуу өнүгүү үчүн шарттарды түзүү, биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубаттуулугун жана жыргалчылыгын камсыз кылуу болуп саналат.


Казакстандын президенти аймактык өз ара аракеттенүүнүн экономикалык базасын бекемдөөдөгү ийгиликтерди белгиледи. Мисалы, өткөн жылы регион ичиндеги сооданын көлөмү 11,5 миллиард долларга жетти. Тараптар бул көрсөткүчтү 20 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөдө. Мамлекет башчысы келечектүү тармактарда, атап айтканда, агроөнөр жай комплексинде, транзиттик чөйрөдө, сейрек кездешүүчү металлдарды казып алууда жана кайра иштетүүдө, туризмде ийгиликтүү долбоорлорду ишке киргизүүгө чакырды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Биздин мамлекеттерде олуттуу, бирок азырынча жетиштүү изилдене элек ресурстардын корлору бар. Регионго алдыңкы технологияларды тартуу жана инновациялык чечимдерди киргизүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө болот эле. Казакстан Астанада сейрек кездешүүчү металлдар боюнча региондук изилдөө борборун түзүүнү сунуштады, ал инвесторлорго жеткиликтүү кен чыккан жерлер жана аларды иштеп чыгуу технологиялары жөнүндө актуалдуу маалымат бере алат.


Суу маселеси да козголду – мамлекет башчысы аймактын өлкөлөрүнүн суу стратегияларын макулдашууну жана сууну үнөмдөөнүн мыкты тажрыйбаларын кеңейтүүнү, келечекте сууну пайдалануу боюнча Борбордук Азиянын алкактык конвенциясын иштеп чыгууну сунуштады. Суу ресурстары менен иштөөнүн бирдиктүү принциптерин орнотуу жана келишпестиктердин тобокелдигин азайтуу үчүн. Эң башкысы - Касым-Жомарт Токаев консультативдик жолугушууларга стратегиялык мүнөз берүүнү сунуштады. Касым-Жомарт Токаев улуттук координаторлор кеңеши келишимдердин аткарылышына көз салып гана тим болбостон, аймактын узак мөөнөттүү өнүгүү багыттарын да түзүшү керек деп эсептейт. Белгилей кетсек, кийинки жылы мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна төрагалык кылуу Түркмөнстанга өтөт – 2026-жылы ал жаңы, туруктуу форматта өтөт – Борбордук Азия + Азербайжан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков