Ооганстанга гуманитардык жүк жүктөлгөн атайын рейс Казакстандан учуп кетти. Улуттук гвардиянын учагы Герат провинциясындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга тамак-аш, чатыр, дары-дармек, кийим-кече жана башка да керектүү буюмдарды жеткирет. Жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү болжол менен 1700 тоннаны түзөт.
Нургали Топанов,
Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнүн авиациялык отрядынын командири:
- Биз жер
титирөөдөн жапа чеккен Ооган элине гуманитардык жардам жеткиргени жатабыз.
Астанадан 1 тонна медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди жүктөдүк. Андан
соң Алматыдан чатырларды, Шымкенттен медициналык буюмдарды, дарыларды алабыз.
Белгилей кетсек,
казакстандык куткаруучулар табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүү
үчүн Ооганстанга бир күн мурун жөнөп кетишкен. 45 адамдан турган отряддын
курманында кинологдор, дарыгерлер менен тез жардам борборунун дарыгерлери,
фельдшерлери бар. Аталган топ издөө иштерине, урандылардын астынан адамдарды
куткарууга, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүгө «жоопкерчиликтүү» болгондуктан,
керектүү жабдуулар менен жабдылган. Белгилей кетсек, бардык адистер куткаруу
иштеринде көп жылдык тажрыйбага ээ. Эскерте кетсек, тогуздун айынын 7де
Ооганстандын Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков