Казакстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташтыгынын 20-форумунун жыйынтыгы боюнча ондогон келишимдерге Уфада кол коюлду. Алгачкылардан болуп документтерге Павлодар жана Новосибирск облустары кол коюшту. Региондор жакынкы 3 жылда өнөктөштүктү 10 багытта күчөтүүнү макулдашты, анын ичинде-ишкердик жана агроөнөр жай комплекси бар. Бул эки өлкөнүн экономикалык өсүшүнө кошумча дем берет. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө Павлодар облусунун соода алмашуусунун үчтөн бир бөлүгү Новосибирск жана Омск облустарына туура келет.
Асан Байжанов, Павлодар облусунун акими:
- Айта кетсек, алардын баары эле чоң эмес, алардын арасында чакан жана орто ишкердик бар. Тыгыз кызматташкан соода тармактары бар. Алар өз өнүмдөрүн, анын ичинде агрардык өнүмдөрдү жеткирүү боюнча ири меморандумдарга кол коюшкан. Биздин жашылча өстүрүүчүлөр жеткирет же биздин күнөскана помидор менен бадыраңдарды жеткирет. Мисалы, көп өлчөмдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.

