Казакстан Ооганстанга буудай өстүрүүгө жардам берет

Казакстан Ооганстанга буудай өстүрүүгө жардам берет. Аталган мамлекеттин  батыш бөлүгүндө тиешелүү долбоорду республиканын Өкмөтүнүн колдоосу жана Түркия кызматташтыгы менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюму ишке киргизди. Программа өткөн жылы катуу жер титирөөдөн жабыркаган Герат провинциясына жардам берүүгө багытталган. Анын алкагында 300 ооган фермери ар тараптуу колдоо, үрөн жана техника алышат. Тактап айтканда, узак мөөнөттүү кургакчылыктан жапа чеккен аймакка 15 тонна жогорку сапаттагы буудай, ошондой эле ондогон тонна керектүү жер семирткичтер бөлүндү. Мындан тышкары тракторлор, комбайндар, соколор жана башка айыл чарба техникалары да берилди. Ооган дыйкандарын колдоо муну менен эле чектелбейт. Долбоор айыл чарбасында алдыңкы методдорду колдонуу боюнча окутуу программаларын өткөрүүнү да камтыйт.

Хусрав Нозири, азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы мудүрүнүн орун баары:

– Биз Ооган фермерлерин мындай   жакшыртылган үрөн варианттарын кантип колдонууга үйрөтөбүз. Жер семирткичтерди жана айыл чарба техникаларын кантип натыйжалуу пайдалануу керек. Биз Ооган фермерлери үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, атап айтканда, Ооганстан үчүн негизги азык болгон буудайдын өндүрүмдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн түзгүбүз келет. Бул жерде дагы бир элемент бар – ал жыйноодон кийинки чыгашаларды азайтуу боюнча иш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков