Казакстан менен Түркия өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында кызматташат

Казакстан менен Түркия өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында кызматташат

Казакстан менен Түркия карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо жаатында кызматташат. Тиешелүү келишимди Мажилис ратификациялап, Сенаттын кароосуна жөнөттү. Тараптар документке 2022-жылдын бугу айында Анкарада кол коюшкан. Өлкөлөр фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттердин аймагына карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышын алдын алуу боюнча биргелешип иштөөнү макулдашышты. Алардын тизмеси өлкөнүн укуктук актылары сыяктуу эле бири-бирине туруктуу негизде берилет. Ошону менен бирге өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо жаатындагы казакстандык жана түркиялык илимий-изилдөө институттары менен уюмдары да өнөктөштүктү өнүктүрүшөт. Мындан тышкары, макулдашуу менен алынып келинүүчү карантинге алынган өнүмдөрдүн партияларына, коштоочу документтерге карата талаптар, ошондой эле Казакстан менен Түркиянын ортосунда жүктөрдү транзиттөөнүн шарттары жөнгө салынат.

Ермек Кенжехан уулу, Айыл-чарба вице-министри:

- үч жылдык мезгилде Түркия Республикасына 700 миң тоннага жакын өсүмдүк өнүмдөрү экспорттолгон. Импорт өз кезегинде 40 миң тоннадан ашык ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн жана 2,7 млн даана көчөт менен үрөн материалдарын түзгөн. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда ташылып жаткан өнүмдөр фитосанитардык карантиндик көзөмөлдөн өтөт. Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков