Казакстан Араб мамлекеттер лигасынын кезексиз саммитине катышты

Казакстан Араб мамлекеттер лигасынын кезексиз саммитине катышты

Казакстан Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттерди Палестинанын жапа чеккен тургундарына азык-түлүк жардамы үчүн каражат чогултуу демилгесин колдоого чакырды. Бул тууралуу Араб Мамлекеттер Лигасынын кезексиз саммитинде сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн премьер-министринин орун басары-тышкы иштер министри айтты. Ошондой эле Мурат Нуртлеу катышуучуларды Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарды тез арада жөнгө салууга багытталган конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга чакырды. Ал Голан бийиктиктери жана Ливан сыяктуу жаңжал курчуган жерлерде коопсуздукту камсыз кылууда БУУнун Тынчтыкты сактоо миссияларынын маанилүү ролун баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков