Казакстан менен Орусия ортосундагы кызматташтыктын дарамети чоң

Казакстан менен Орусия ортосундагы кызматташтыктын дарамети чоң

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик 3 пайызга өсүп, дээрлик 28 млрд долларды түздү. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык үчүн олуттуу дарамет бар. Бул тууралуу Астанада өткөн Олжас Бектенов менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Дмитрий Григоренконун жолугушуусунда айтылды. Тараптар жасалма интеллектти колдонуучулардын динамикалуу өсүшүн жана санариптештирүү тармагындагы эки тараптуу өнөктөштүк мамилелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков