Аскерлерди колдонууну биргелешип мерчемдөө жана аймактык коопсуздукка, коркунучтарга биргелешип жооп кайтаруу. Парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары Казакстан Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы Аскердик кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырышты. Документ ратификациялангандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы 1994-жылдын жалган куран айынын 28деги аскерий кызматташтык жөнүндө учурдагы келишим күчүн жоготот. Мыйзам долбоору боюнча депутаттарга маалымат берип жатып, Коргоо министринин орун басары Дарын Туяков 1994-жылкы келишимдин жоболору эскирип калганын белгиледи. Бекитилген документ аскердик даярдык, тынчтыкты сактоо, аскердик билим, илим жана башка тармактарда аскердик кызматташууга мүмкүндүк берет.
Дарын Туяков, РКнын Коргоо министринин орун басары:
- Документти ратификациялоо коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында аскерлерди колдонууну биргелешип мерчемдөөгө жана аймактык коопсуздукка, коркунучтарга биргелешип жооп кайтарууга, ошондой эле, эл аралык уюмдарда, маданият, спорт жана башка тармактарда аскердик кызматташууга мүмкүндүк берет. Орусия Казакстандын стратегиялык өнөктөшү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков