Казакстандын
жана Эстониянын президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар Карис мамлекеттик
сапар менен өлкөгө келди. Тосуп алуу аземи Акордада өттү. Касым-Жомарт Токаев
Эстония республиканын маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса
белгиледи. Белгилей кетсек, өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылы
түзүлгөн. Ошондон бери Казакстан менен Эстониянын ортосунда келишимдик-укуктук
база түзүлүп, кеңейтилип, экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык
комиссия иштеп жатат. Азыр өлкөлөрдүн бири-бирине сунуш кыла турган нерселери
бар. Казакстан транзиттик кубаттуулуктарды, ал эми Эстония келечектүү деңиз
портторун сунуштай алат.
Касым-Жомарт
Токаев Казакстан Республикасынын Президенти:
- Сиздин сапарыңыз биздин
мындан аркы кызматташтыгыбызга жана достугубузга күчтүү түрткү берерине ишенем.
Чынында эле, өз ара соодада белгилүү бир тоскоолдуктар бар, бирок ошол эле
учурда бул тармакта бир аз жылыш байкалууда. Биз сиздин деңиз портторуңузга
жетүүгө жана сиздин өлкөңүз менен соода кылууга, ошондой эле эл аралык
уюмдарда, биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунда, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде
жана башкаларда конструктивдүү байланыштарды колдоого абдан кызыкдарбыз.
Алар
Карис, Эстониянын Президенти:
- Биздин ишкерлер
биргелешкен долбоорлорду активдүү талкуулап жатышат. Бир нече жолугушуу
пландаштырылган, өз ара түшүнүшүү жөнүндө бир катар меморандумдарга кол коюп,
бир топ демилгелерди ишке ашырууну көздөп жатабыз. Мен келечекке чоң үмүт менен
карайм жана жаңы байланыштар буга өбөлгө болот деп ишенем. Албетте, учурдагы
геосаясий кырдаал туруктуулуктан алыс, бирок биз келип чыккан кыйынчылыктарды
биргелешип чечип, жеңүүгө тийишпиз. Сиз Бириккен Улуттар Уюмун эскерип өттүңүз
– бул чынында эле маанилүү структура, албетте, дүйнөдө чыр-чатактар жана
согуштар азыраак болушу үчүн белгилүү реформаларга муктаж.
Эки
өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда сүйлөшүүлөр кеңейтилген курамда уланды. Тараптар
экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө көңүл бурушту.
Мисалы, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдөн тышкары, бул соода жана
инвестиция, санариптештирүү, өнөр жай кооперациясы, айыл чарбасы, критикалык
минералдар, ошондой эле билим берүү жана илим. 20 жылдын ичинде Эстония Казакстандын экономикасына 128
миллион доллардан ашык инвестиция салган. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкөлөр
46 миллион долларга соода алмашты. Бирок дарамет толук ачыла элек.
Касым-Жомарт
Токаев Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бул сапар казак-эстондук
өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн жаңы барагын ачат. Казакстан Эстонияны Балтика
аймагындагы, ошондой эле жалпысынан Европа Биримдигиндеги өтө маанилүү өнөктөш
катары карайт. Эстониянын инновациялык жана гүлдөгөн мамлекетти куруудагы
заманбап жетишкендиктери таасирдүү. Эстония санариптик мамлекетти, санариптик
өкмөттү, санариптик коомду, ачыктыкты, айкындуулукту жана жалпысынан
жарандардын катышуусун түзүүдө алдыңкы орунда жана жакшы үлгү болуп саналат.
Бүгүнкү
күндө Казакстанда 80ден ашык эстон компаниясы иштейт. Республика менен
кызматташууга ниеттенген эстон ишкерлеринин саны барган сайын көбөйүүдө.
Астанага ири бизнес-делегация келди – бул маалыматтык-коммуникациялык
технологиялар, киберкоопсуздук, логистика жана, албетте, транзит тармагындагы
компаниялар. Бул жылы Казакстан Эстониянын деңиз порттору аркылуу 200 миң
тоннадан ашык дан экспорттоду. Эми көрсөткүчтү 10 эсеге көбөйтүү максаты турат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Алар Карис биргелешкен
билдирүү кабыл алышты.
Алар
Карис, Эстониянын Президенти:
- Казакстан — биздин Борбор
Азиядагы эң маанилүү экономикалык өнөктөшүбүз. Ал эми Эстония сиздер үчүн Европа рыногуна дарбаза
болууга кубанычта. Сиздер айткан транзит жана логистикадан тышкары, эстон
бизнесинин өкүлдөрү Казакстанга инвестиция салууга, Казакстандагы соода жана
инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экендиктерин билдиришүүдө.
Мындан тышкары, тараптар билим берүү тармагында өз ара
аракеттенүүнү күчөтүүнү көздөшүүдө. Буга чейин бир катар келишимдерге жана
меморандумдарга кол коюлган. Макулдашуулардын алкагында Казакстандын 10
университети менен Эстониянын 6 университетинин ортосунда студенттерди,
окутуучуларды жана тажрыйба алмашуу пландаштырылган.
которгон: Илгиз Жамалбеков

