Казакстан президенти долбоордук кеңсенин иши менен таанышты

Казакстан президенти долбоордук кеңсенин иши менен таанышты

Казакстанда негизги реформаларды жана стратегиялык программаларды киргизүүгө көмөктөшүү. Бул милдетти Астанадагы долбоордук кеңсе аткарат. EXPO кампусунда жайгашкан жаңы структурага Касым-Жомарт Токаев барды. Президентке мындай борборлор Улуу Британия жана Малайзия сыяктуу башка Штаттарда да иштеп жатканы айтылды. Ал Президенттин кайрылууларында жана улуттук өнүгүү планында көрсөтүлгөн зарыл милдеттерди сапаттуу аткаруу үчүн чечимдерди иштеп чыгуу менен алектенет. Мамлекет башчысына стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, адам капиталын түзүү жана өнүктүрүү, Мангыстау облусунун экономикалык өнүгүүсү жана фискалдык туруктуулукту жогорулатуу үчүн платформалык чечимдерди киргизүү жөнүндө. Атайын мекемелер аралык командалар кеңседе транспорт жана логистика, саламаттыкты сактоо, энергетика, курулуш жана санариптештирүү жаатындагы маселелери менен алектенет. Президент бул борбордун негизги максаты реформалардын натыйжалуулугун жогорулатуу экенин белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Биздин алдыбызда маанилүү милдеттер турат. Эң башкысы – мамлекет башчысы берген тапшырмалардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлдө кармоо. Бул борбордун негизги максаты – реформалардын натыйжалуулугун жогорулатуу. Аталган чөйрөнү президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Дархан Сатыбалды координациялайт. Министрлер да, акимдер да тайманбас чечимдерди кабыл алууга даяр болушу керек. Мен буга чейин Өкмөттүн алдына конкреттүү милдеттерди коюп келгем. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери боюнча ал зарыл чечимдерди өз алдынча кабыл алууга тийиш. Конкреттүү натыйжаларды талап кылам.


Касым-Жомарт Токаев санариптештирүү, жасалма интеллект жана атомдук энергетика маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Президент бул өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттары экенин белгиледи. Өкмөт өз ишинде мындай маанилүү маселелерди эске алышы керек. Буга кошумча, мамлекет башчысы атомдук энергетиканы өнүктүрүүнүн келечегине көңүл бурду.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Атомдук станцияларды курууну тездетүү керек. Мен буга чейин интервьюда эки чоң станция курабыз деп айткам, балким үчөө. Биз Казакстанды өзөктүк энергетикасы өнүккөн, жасалма интеллект, санариптештирүү толук кандуу иштеп жаткан өлкөгө айландырышыбыз керек.


Которгон: Илгиз Жамалбеков