Казакстан өнүктүрүү банкы агро өнөр жай комплексин каржылайт

Казакстан өнүктүрүү банкы агро өнөр жай комплексин каржылайт

Казакстандын өнүктүрүү банкы агро өнөр жай комплексинин долбоорлорун каржылоого даяр. Ага 1 триллион 200 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди. Финансылык мекеме айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талдап чыкты. Алардын ичинде этти, сүттү жана данды терең кайра иштетүү каралган. Ошондой эле өнөр жай күнөсканаларын өнүктүрүү, канаттуулар фабрикаларын, жашылча кампаларын жана эт багытындагы мал чарба ишканаларын куруу кирет. Учурда банк ата мекендик инвесторлордун жаңы долбоорлорун карай баштады. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, импортту алмаштырууга жана ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортун көбөйтүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорго артыкчылык берилет. Белгилей кетсек, Казакстандын Өнүктүрүү банкы агро өнөр жай тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбага ээ. Тактап айтканда, бул канаттуулар фабрикасын, ири күнөскана комплексин куруу, май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү ишканаларды жаңыртуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков