Казакстан өкмөтүндө транзиттик дараметти өнүктүрүү маселеси талкууланды

Казакстан өкмөтүндө транзиттик дараметти өнүктүрүү маселеси талкууланды

Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү өкмөттө талкууланды. «Жашыл коридорду» ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул чек арадан өтүүнү тездетип, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул процесстерди санариптештирүүдө чоң роль ойнойт. Мисалы, Каржы министрлиги КЕДЕН системасында бажы транзити жана алдын ала маалымат берүү модулун ишке киргизди. Бул жүктөр үчүн зарыл болгон мамлекеттик көзөмөлдүн түрлөрүн автоматтык түрдө аныктоого мүмкүндүк берет жана кызматтардын «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштешин камсыздайт. Электрондук кезек системасы да киргизилген. Кытай жана Өзбекстан менен болгон чек арада чет элдик уруксат бланктарын автоматтык түрдө берүү да иштейт. Казакстандын Каржы министрлиги «Үзгүлтүксүз транзит» көп тараптуу келишим долбоорун иштеп чыкты. Аны Өзбекстан менен 2026-жылдын жазына чейин ишке ашыруу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, акыркы беш жылда Казакстан аркылуу транзиттин көлөмү 20%га көбөйдү. Жылдын аягына чейин эле кошумча 33 миллион тоннага чейин ташуу күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков