Иле Алатау улуттук паркында жана
тоо этектеринде 2 жаңы сапар-борбору курулат. Алардын бири Турген капчыгайында,
экинчиси Бутаковка сайында жайгашат. Маданият жана спорт министрлигинин
маалымдашынча бул борборлор заманбап талаптарга ылайык курулуп, саякатчылардын
суроолоруна жооп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Акыркы 2 жылда Казакстандын
улуттук парктарында жана башка жаратылыш жайларында жеке инвесторлордун
каражаттарын тартуунун эсебинен 7 туристтик борбор курулуп, пайдаланууга
берилди. Бул Аюсай, Түргенсай, Сартас, Шарын, Горельник, Медеу
жана Алтынемел сапар-борборлору. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда
туризм тармагындагы ишкерлерди мамлекеттик колдоонун 7 механизми бар. Атап
айтканда: ар бир чет элдик турист үчүн туроператорлордун чыгымдары
субсидияланат, транспорт каражаттарына жана жабдууларга ошондой эле курулушка
кеткен чыгымдардын бир бөлүгү кайтарылат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков