Бир жылдын ичинде өлкөгө чет жерден 28 миллиард доллар каражат салынды. «Kazakh Invest» компаниясынын маалыматы боюнча, бул акыркы 10 жылда катталган эң чоң көрсөткүч. Белгилей кетсек, быйылкы жылы республикада чет элдик капиталдын катышуусунда 40тан ашык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Маселен, Алматыда нан жана булочка чыгаруу, Түндүк Казакстанда айыл чарба унааларын жасоо, Түркестан облусунда күн энергиясын өндүргөн альтернативалык энергия булактарын куруу мерчемделген. Бул долбоорлор Польша, Италия жана Германия инвесторлору менен биргеликте ишке ашырылат. Пайдаланууга берилген өндүрүштөргө келсек, өлкөдө жалпы баасы 4,1 миллиард долларды түзгөн 46 мындай долбоор бар. Былтыр «Kazakh Invest» компаниясы инвесторлор үчүн өлкөнүн аймактарына 200дөн ашык сапарларды уюштурган. Чет элдик коноктор атайын экономикалык аймактардагы өндүрүш борборлору менен таанышып, дараметтүү өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков