Келечекте Казакстан менен Түркиянын ортосундагы соода мамилелери түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Стамбул шаары, Малтепе районунун акиминин орун басары Джанан Дөнер каналга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Анын айтымында, Казакстан Түркиянын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү. Ошондуктан, эки мамлекет тең түрдүү тармактарда эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыктар. Белгилей кетсек, быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерине 29 жыл толду.
Джанан Дөнер, Стамбул шаары, Малтепе району акиминин орун басары / Түркия:
- Биздин Малтепе районунун акими Казакстан менен Түркиянын ортосундагы байланышты ар дайым колдоого алат. Өзгөчө маданият тармагындагы кызматташтыгыбызды арттыргыбыз келет. Анткени ар бир өлкөнүн тили менен дини башка болот, бирок маданият аркылуу жакындашууга, дос болууга мүмкүн. Биз кандай тармак болбосун, боордош өлкөнүн ар кандай сунушун колдоого даярбыз. Ошондой эле, соода боюнча да пландарыбыз бар. Сооданы өнүктүрүүнү көздөйбүз. Казакстандын кайсы шаары болбосун боордош шаар болууга даярбыз. Алдыдагы убакытта достугубуз чыңдалат деп ишенем.
Буга кошумча, акимдин орун басары маектешүүнүн жүрүшүндө түрк тилдүү өлкөлөр менен ЮНЕСКО деп аталган ТҮРКСОЙдун ортосундагы өз ара достук мамилелердин бекемделип жатканын белгиледи. Айта кетсек, ТҮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 10 күндүк маданий иш-чараны уюштурду. Иш-чара эл аралык көргөзмөнүн тегерегинде Стамбул шаарынын Малтепе районунда өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков