Касым-Жомарт Токаев Казакстан элин Республика күнү менен куттуктады. Президент бул казак мамлекеттүүлүгүнүн салты кайра жанданган тарыхый күн экенин белгиледи. Ал эми 33 жыл мурда мамлекеттүүлүк тууралуу декларациянын кабыл алынышы менен тарыхый адилеттүүлүк орноду. Акжолтой документ элдин мүдөөсүнө жана үмүтүнө дал келди. Эгемендикти алуу менен республика олуттуу ийгиликтерге жетишти – дүйнөлүк аренада өзүн көрсөтүп, бардык чек ара маселелерин чечип, улуттук коопсуздукту камсыз кылды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Соңку жылдары биздин өлкөдө түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр болду. Биз геосаясий региондо масштабдуу жана уникалдуу конституциялык реформа жүргүздүк, ал жалпы улуттук референдумда элдин ишенимдүү колдоосуна ээ болду. Натыйжада жарандардын саясий жараянга катышуусу кыйла кеңейди.
Мамлекет башчысынын пикиринде, өлкөнүн байлыгы – ынтымак менен биримдикте. Бул Казакстанды өзгөчөлөнтүп турган сапаттар стабилдүүлүктү сактоого шарт түзөт. Эл аралык сепепчилер Казакстанды – «дүйнөнүн бешиги» деп бекеринен атабайт. Бул баалуулуктарды бүгүнкү күндө сактап, коргоо керек. Мамлекеттүүлүктүн негизин чыңдоо маанилүү, бул үчүн мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу зарылдыгын Касым-Жомарт Токаев баса белгиледи. Ошондой эле бүгүн, Президент өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын катарында – мугалимдер, медицина кызматкерлери, аграрлар, өндүрүшчүлөр, эмгек ардагерлери бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков