Казакстанда мунай экспортунун альтернативдүү багыттары

Казакстанда мунай экспортунун альтернативдүү багыттары

Казакстан мунай иштетүү тармагынын дараметин жогорулатууга артыкчылык берип келет. Буга байланыштуу өлкөдө бир катар ири долбоорлор колго алынган. Алардын бири Шымкенттеги мунайды кайра иштетүүчү заводдо ишке ашырылып жатат. 2029-жылга чейин анын кубаттуулугун 9 миллион тоннага чейин кеңейтүү пландалууда. Бул кара алтынды кайра иштетүүнүн жылдык көлөмүн 21 миллион тоннага жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөттүн жыйынында тармактын келечек планы менен бөлүшкөн энергетика министри Болат Акчулаков ата мекендик өнүмдү башка өлкөлөр аркылуу ташуу жолдорун ар тараптандыруу маселеси каралып жатканын билдирди. Буга байланыштуу ал Казакстандын мунай экспортунун альтернативдүү жолдорун өнүктүрүү боюнча жаңы жол картасы иштелип чыкканын кошумчалады.

Болат Акчулаков, Казакстандын энергетика министри:

Ошентип, Азербайжандын, Грузиянын жана Түркиянын порттору багытында Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын, ошондой эле Кытай Эл Республикасына жана Иранга экспорттук каттамдарды өнүктүрүүгө басым жасалат.

Ошондой эле, энергетика министри Казакстандагы альтернативдик электр тармактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча долбоорлорго токтолду. Иш жүзүндө 2026-жылга карата энергиянын кайра жанма булактарын өндүрүү бир жарым эсеге көбөйөт. Бул максатка жетүү үчүн өлкөдө 50дөн ашык жаңы объект ишке киргизилет. Деген менен өлкөдө өндүрүлгөн жалпы электр энергиясынын 7%ы альтернативдүү энергия булактарына тиешелүү болот. Ал эми 2029-жылга чейин бул системага 3,7 гигаватт энергия берген жаңы кубаттуулук киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков