Орусиялык компаниялар Казакстанга көчүүдө

Орусиялык компаниялар Казакстанга көчүүдө

Орусиялык компаниялар Казакстанга жигердүү көчүп жатышат. Бүгүнкү күндө өлкөдө Орусиянын катышуусу менен 13 миңден ашык ишкана катталган. Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын жалган куран айынан бери коңшу федерациядан ири компаниялардын агымы катталган. Серепчилер муну орусиялык ишкерлердин санкциялык кысымдан оолак болуусу менен байланыштырууда. Адистердин айтымында, азыркы динамика жана геосаясий каатчылыкты эске алганда, орусиялык компаниялардын агымы мындан ары да улана берет. Белгилей кетсек, өлкөгө көчүп келгендердин арасында беларусиялык компаниялар да бар. Бул рейтингде алдыңкы үчтүктө коңшу Өзбекстан Республикасы турат.