Товарларды жеткирүүнү жөнөкөйлөтүү жана ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү. Ушул жана башка чаралар Казакстандын премьер-министринин айтымында, интеграциялык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын деңгээлин жогорулатууга жардам берет. Мындай пикирин Алихан Смаилов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Ал Чолпон-Ата шаарында кеңейтилген форматта өттү. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, акыркы жарым жылда ЕАЭБ алкагында сооданын көлөмү кыйла азайган.
Алсак, эгерде 2021-жылы бул мезгилде сооданын өсүшү 28%га жетсе, учурда болгону 4,8%ды же 12 жарым миллиард теңгеден ашык. Смаилов ошондой эле, акыркы алты айда ЕЭК өлкөлөрүндө азык-түлүктүн баасы дээрлик 13%га өскөнүн белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, бул биримдик өлкөлөрүнүн улуттук валюталарынын курсунун алсызданышына байланыштуу. Азыркы кырдаалды жакшыртуу үчүн ал өнөктөш мамлекеттердин борбордук банктарынын кеңешмелерин өткөрүүнү сунуштады.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Өлкөлөр бир тараптуу киргизүүгө аргасыз болгон чектөөлөрдүн кесепеттерин жоюу механизмдерин аныктоосу маанилүү. Бирдиктүү тышкы соода схемасын түзүп, биз ата мекендик өндүрүшчүнү коргоого макул болдук. Бирок, өз ара соодага чектөөлөр киргизилгенде, башка мамлекеттерди ЕАЭБ товарлары менен камсыз кылуунун белгилүү деңгээлин кармап туруу үчүн шарттар түзүлүшү керек болду. Ошондой эле, үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды жеткирүү шарттарын жеңилдетүү. Менимче, комиссия бул маселени иликтеп, өз сунуштарын бериши керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков