Казакстандын президенти башкы прокурорду кабыл алды

Казакстандын президенти башкы прокурорду кабыл алды

Эки жылдын ичинде 850 миллиард теңгеге бааланган активдер Казакстанга кайтарылды. Бул каражаттарга өлкө боюнча дээрлик 400 социалдык жана коммуналдык объект курулуп жатат, алардын 60ы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн Башкы прокурору Берик Асылов билдирди. Мындан тышкары, мамлекет башчысына кылмыштуу кирешелерди издөөнүн жаңы ыкмалары жана аларды өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалануунун келечеги тууралуу маалымат берилди. Президент ошондой эле бардык тармактарда мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча ишти улантууну тапшырып, алдамчылыкка, баңгизат соодасына, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү, ошондой эле бизнести негизсиз кылмыштык куугунтуктан коргоо артыкчылыктарын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков