Казакстан моделдик санариптик заводдордун тизмесин кеңейтет. Белгилей
кетсек, бул долбоор 4.0 технологияларын тажрыйбага киргизүүнүн натыйжалуулугун
көрсөтүүгө багытталган. Санариптик фабрикалардын моделдик долбооруна катышуу
ишканага санариптик трансформация чөйрөсүндө алдыга жылууга жана анын
атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Буга чейин QazIndustry
долбоорго химия, тамак-аш, кайра иштетүү, текстиль өнөр жайы, ошондой эле унаа
жасоо, геологиялык чалгындоо жана башка тармактардагы 7 ишкананы киргизген. Натыйжада, катышуучулардын бири, инженердик завод кардарлар менен болгон
мамилелерди башкаруу системасын ишке кошту. Бирдиктүү санариптик экосистема
сатууда, маркетингде жана кардарларга кызмат көрсөтүү тармагындагы
айкындуулукту арттырууга шарт түзөт. Компания ачык жол менен тоо-кен иштерин
диспетчердик кылуу менен алектенди. Ошентип, ал кызматкерлердин иш убактысына
жана токтоп калышына реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүүгө,
самосвалдарды жүктөө пункттарына оптималдуу бөлүштүрүүгө өбөлгө түздү. Ошондой
эле KPIды ар тараптуу талдоо менен баа берүүгө мүмкүндүк берди. Талдоочулардын белгилешинче,
келечекте долбоордун бардык катышуучулары санариптик технологияларды өз
тармагында жана андан тышкаркы чөйрөлөрдө киргизүүнүн драйверине айланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков