Жеңилдетилген автонасыя программасына бөлүнгөн каржынын 35,7 миллиард теңгеси жумшалды

Жеңилдетилген автонасыя программасына бөлүнгөн каржынын 35,7 миллиард теңгеси жумшалды

Бүгүнкү күндө жеңилдетилген автоунаа насыя программасынын алкагында 34 казакстандык унаа сатып алды. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде Өнөр жайды өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жанар Ибрашева билдирди. Анын айтымында, программа ишке ашырыла баштагандан бери 14 миң 507 арыз түшүп, анын 4 834ү кабыл алынган. Ошентип, бөлүнгөн 100 миллиард теңгенин 35,7 миллиард теңгеси жумшалды.

Жанар Ибрашева, «Өнөр жайды өнүктүрүү фонду» АК башкарма төрагасынын орун басары:

- Жалпысынан каражатты алгачкы иштетүү учурунда 10 миңден ашык адамды автоунаа менен камсыз кылуу мерчемделүүдө. Бул программа револьвердик механизмге ээ экендигин белгилегим келет. Тактап айтканда, жарандарыбыз биринчи кезекте унаа алууга үлгүрбөй калса, анда алар буга чейин алган жарандардан түшкөн акча каражаттан кийин кайра арыз жазып, унаа алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал 1-2 айдын ичинде ишке ашырылат. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча экинчи деңгээлдеги банктарга эсеп-фактураларды берүү үчүн автоунаалардын VIN-кодунун болуу талабы алынып салынды. Бул сиз азыр VIN кодусуз оңой жана тез кайрыла аласыз дегенди билдирет.

Белгилей кетсек, жеңилдетилген автоунаа насыя программасы Казакстанда 2015-жылдан бери иштеп келет. Акыркы 7 жылдын ичинде программанын алкагында 29 миң 650 адам жаңы автоунаанын  ээси болушкан.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков