Тараптар ошондой эле санариптештирүү жаатында өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегине токтолушту. Мамлекет башчы аймактар аралык жигердүү кызматташуу өз ара сооданын көрсөткүчтөрүнө оң таасирин тийгизгенин белгиледи. Президенттин айтымында, аймактар аралык сооданын көлөмү кыйла өстү. Казакстан соода алакасын мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар. Жыйында Айсен Николаев Саха өлкөсү казакстандык компаниялар менен өнөр жай өнүмү, минералдык ресурстар жана зергерчилик тармагында соода жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков