Ушул күндөрү Абу-Дабиде 20-Эл аралык аңчылык жана ат спорту көргөзмөсү өтүп жатат. Анын масштабы таасирдүү, 11ден ашык атайын категориялар каралган, анын ичинде таза кандуу жаныбарлардын көргөзмөсү, балык уулоо, мүнүшкөрчүлүк, кол өнөрчүлүк мейкиндиги, куралдын ар кандай түрлөрү, туруктуу аңчылык боюнча серепчилер үчүн конференциялар жана чыныгы спорт түрлөрү.
ADIHEX - жогорку
сатып алуу жөндөмдүүлүгү менен жергиликтүү жана чет өлкөлүк конокторду өзүнө
тартып турган ири көргөзмө болуп саналат. Ага жалпысынан дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн
1200дөн ашык компания, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда.
Уникалдуу аянтчада эл аралык жана аймактык бренддер жана компаниялар бири-бири
менен жолугуп, өз ара аракеттенип гана тим болбостон, күчтүү бизнес мамилелерин
түзө алышат. Мында соңку инновацияларды, технологияларды жана тенденцияларды,
анын ичинде ат, жапайы жаратылыш, кемпинг жана аңчылык жабдууларын, ошондой эле
салттуу заманбап аңчылык жабдуулары көрсөтүлөт. Быйыл көргөзмөнүн тарыхында
биринчи жолу аукциондор өткөрүлөт, алардын бири – көркөм кол өнөрчүлүк
буюмдары. Ошондой эле, саякатчылар үчүн 200дөн ашык иш-чаралар каралган. Мурас,
искусство жана маданиятка арналган сынактар өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Абу-Дабиде өтүп жаткан 20-эл аралык
аңчылык жана ат спорту көргөзмөсү аяк оона айынын 8не чейин уланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков