Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 30 млрд теңге бөлүндү

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 30 млрд теңге бөлүндү

Казакстандын өкмөтү айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында фонддон 30 миллиард теңге бөлдү. Бул каражат максаттуу трансферттер түрүндө Абай, Жетису, Акмола, Алматы, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Батыш Казакстан, Маңгыстау, Павлодар жана Түндүк Казакстан облустарынын бюджеттерине асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, өнүмдүүлүк менен өнүм сапатын арттырууну субсидиялоого багытталат. Айыл чарба министрлигине зарыл чараларды көрүү, ал эми Каржы министрлигине бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө тапшырылды.

Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
- Жалпы быйыл агроөнөр жай комплексин субсидиялоого Өкмөт бардык булактардан 494 миллиард теңге бөлдү. Жакынкы мезгилде инвестициялык жардамга берилүүчү каражат жана насыя менен лизинг боюнча пайыздык ченди субсидиялоого кошумча 30 миллиард теңге бөлүү мерчемделип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков