Казакстанда жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү
боюнча жаңы министрлик Санариптик өнүгүү министрлигинин базасында түзүлдү. Инновациялык
ишмердүүлүк боюнча функциялары жана ыйгарым укуктары Илим жана жогорку билим
берүү министрлигине өткөрүлдү. Эки мекеме тең жоюлган министрликтин укук
мураскорлору болуп калды. Жаңы министрлик кайсы багыттар боюнча иштей баштайт,
бул тууралуу телеканалга берген маегинде анын жетекчиси Жаслан Мадиев айтып
берди.
Жаслан Мадиев, Премьер-министрдин орун басары - жасалма
интеллект жана санариптик өнүгүү министри:
- Биз институционалдык базаны иштеп чыгуу, керектүү
инфраструктураны түзүү, ошондой эле адамдык капиталды өнүктүрүү сыяктуу
багыттарга көңүл бурабыз. Биз
GPU-суперкомпьютердик кластерлерди түзүп жатабыз, анткени инфраструктура
жасалма интеллект өнүмдөрүн иштеп чыгууда негизги ролду ойнойт. Ал моделдерди
үйрөтүү, инференция жүргүзүү жана жасалма интеллект агенттерин жөндөө үчүн
зарыл. Алардын аркасында өндүрүмдүүлүк, айрыкча мамлекеттик башкарууда
жогорулайт. Жумуш башталды. Ошондой эле маанилүү багыт - чоң казак тилдүү
моделдерин - LLM иштеп чыгуу. Бул санариптик эгемендүүлүк жагынан маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

