Астанада Эгемендүүлүк сарайында Түркиянын Президентин тосуп алуу аземи болуп өттү. Режеп Тайип Эрдоган Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны жеке өзү Президент Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Ардактуу коноктун урматына Абадан коргонуу күчтөрүнүн учактары асманды түрк желегинин түстөрүнө боёп, демонстрациялык учуу жасашты. Андан соң мамлекет башчылары бири-бирине расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Ардактуу кароол ротасынын башчысы саламдашуу рапортун берип, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери ойнотулду.
Салтанаттуу азем аяктагандан кийин президенттер тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев Түркиянын башчысын жылуу тосуп алып, Режеп Тайип Эрдогандын сапары тарыхый мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Албетте,
Сиздин азыркы сапарыңыз эки өлкөнүн кызматташтыгына күчтүү түрткү берет.
Казакстан менен Түркияны түбөлүктүү достук, бир туугандык мамилелер, түбөлүк
өнөктөштүк байланыштырып турат. Биздин мамлекеттердин ортосунда эч кандай
карама-каршылыктар жана пикир келишпестиктер жок.
Түркиянын Президенти өз кезегинде мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапар бир туугандык мамилелерди бекемдөөгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
Андан соң эки мамлекет башчылары стратегиялык кызматташтык
боюнча жогорку деңгээлдеги кеңештин алтынчы жыйынын өткөрүштү. Касым-Жомарт
Токаев өз сөзүндө Казакстан Түркияны боордош мамлекет, маанилүү жана ишенимдүү
өнөктөш деп эсептээрин баса белгиледи. Эки тараптуу мамилелер динамикалуу
өнүгүүдө. Түрк инвесторлору экономикага 6 миллиард доллар салды. Ал эми
казакстандык бизнес түрк долбоорлоруна 2,5 миллиард доллар инвестиция кошту.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 5 жарым миллиард доллардан ашты.
Касым-Жомарт Токаев сооданын көлөмүн кеңейтүү жана андан ары диверсификациялоо
үчүн тартымдуу шарттарды түзүү маанилүү деп эсептейт. Казакстан азыртан эле
Түркияга 34 түрдүү товар боюнча 630 миллион доллардан ашык экспортту көбөйтө
алат.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Түркия биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бештигине
кирет. Эки элдин маданий-гуманитардык байланыштары мамилелерибиздин баа жеткис
байланыштыруучу негизи болуп саналат. Биз бул оң тенденцияларды сактап калууга
жана өз ара аракеттенүү масштабын кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Бүгүн биз «Түбөлүк
достук жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө» декларацияны кабыл
алабыз. Албетте, бул маанилүү документ казак-түрк мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы
дем берет.
Былтыр өлкөлөр ортосундагы айыл чарба өнүмдөрүнүн соодасы
25%дан ашык өстү. Түрк тарапка 2026-2028-жылдарга карата айыл чарба өнүмдөрүнүн
өз ара соодасын активдештирүү боюнча Жол картасын кабыл алуу сунушталды.
Касым-Жомарт Токаев түрк компанияларын Курык жана Актау порттору аркылуу жүк
ташууну көбөйтүү боюнча долбоорлорго катышууга чакырды. Мамлекет башчысы
бүгүнкү күндө Түркия социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабына киргенин,
өлкө Европаны, Азияны, ошондой эле түрк дүйнөсүн бириктирген «алтын көпүрө» деп
таанылганын белгиледи. Өз кезегинде Түркиянын президенти республикалык
референдумда жалпы элдик колдоого ээ болгон жаңы Конституция Казакстандын
биримдигин мындан ары да бекемдейт деген ишенимин билдирди.
Реджеп Тайип Эрдоган, Түркия Президенти:
– Биз
эки тараптуу товар жүгүртүүнү 15 миллиард долларга жеткирүү ниетибизди
ырастадык. Бул көрсөткүчкө жетүү үчүн Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр
аралык комиссиянын Астана шаарында чын куран айынын 15инде өткөн 14-жыйынында
кабыл алынган 67 пункттан турган иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуу
маанилүү деп эсептейбиз. Биз инвестициялар жаатындагы компанияларга колдоо
көрсөтүүнү улантабыз.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жана Стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги кеңештин алтынчы жыйынынын жыйынтыгында президенттер Казакстан менен Түркиянын ортосундагы түбөлүк достук жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Ошондой эле расмий делегациялардын мүчөлөрү 14 мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документтер менен алмашышты.
Касым-Жомарт Токаев Түркиянын Президентине «Qoja Ahmet Yasaui» орденин
тапшырып, Режеп Тайип Эрдоганды алысты көрө билген лидер жана дүйнөлүк
деңгээлдеги таасирдүү саясатчы деп атады. Белгилей кетсек, түрк лидери жаңы
казак орденинин биринчи кавалери болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

