2023-жыл өлкөнүн саясий турмушундагы маанилүү окуялар менен өзгөчөлөндү. Казакстанда маанилүү реформалар жүзөгө ашырылды. Алардын бардыгы демократиялык жана жарандык коомду түзүүгө, экономиканын өсүү динамикасын сактоого, социалдык маселелерди чечүүгө багытталган. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси Арман Токтышаковдун пикиринде, мамлекеттик-саясий түзүлүштүн жаңы үлгүсү калыптандырылды. Адам укуктарын коргоо маселесиндеги маанилүү саясий институттардын бири - Конституциялык Соттун ушу жылы ишинин башталуусу да маңыздуу реформа болду.
Арман Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:
- Ал эмнеге маанилүү десек,
эң алды
менен
Президенттин
саясий
реформалар
программасынын
алкагында
түзүлдү.
Конституциялык
Сот
- мамлекеттик
башкаруу системасындагы өтө маанилүү орган. Ал чектөө менен теңдик системасы иштөөсү үчүн керек. Анын үстүнө, Конституциялык Сот - сот чечиминин адилеттүүлүгү үчүн кажет. Быйыл ага Төрага менен судьялар дайындалып, эми Конституциялык Сот Жогорку Соттун ишин толуктап отурат.
Серепчилерлин айтымында,
президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгелери кезек-кезеги менен иш жүзүнө ашырылып,
өлкө турмушуна
киргизиле
турган
болот.
Мындай масштабдуу реформалар үчүн - бул мыйзамдуу.
Арман Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат
институтунун серепчиси:
- 2023-жылы болгон саясий өзгөрүүлөр бир убакта
болгон
жок.
Алар
2022-жылы болгон саясий реформалардын чыныгы уландысы экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Себеби, былтыр бугу айында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
референдум
өттү.
Ошол
учурда
бардык
реформалардын
укуктук
базасы
калыптанды.
Маселен,
жана
айткан
Конституциялык
сот тууралуу
чечим
былтыр
кабыл
алынды.
Ошону
менен
катар,
көптөгөн экономикалык
жана
социалдык
өзгөрүүлөрдүн негизи
калыптанды.