Жаңы жылдын биринчи жумушчу күнү өздөрүнүн мамлекеттик желектерин Мальта, Мозамбик, Швейцария, Эквадор жана Жапониянын туруктуу өкүлдөрү илишти. Мындай тартипти Казакстан 2018-жылы Коопсуздук кеңешин жетектеп турганда киргизген. Өлкөнүн уюмдагы туруктуу өкүлүнүн айтымында, ал жаңыдан мүчөлүккө кабыл алынган мамлекеттерге өзгөчө макам берип, алардын коопсуздук жаатында талыкпай кызмат кылышына шарт түзөт.
Акан Рахметуллин, Казакстандын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлү:
- Глобалдык коопсуздук, согуш жана тынчтык маселелери менен алектенген Коопсуздук кеңешинин жаңы мүчөлөрүнө өздөрүнүн маанилүү ролун сезүүгө мүмкүндүк берүүчү салтанат. Ошондуктан, бул аянтча Коопсуздук кеңешинин ишиндеги ар кандай тоскоолдуктарды талкуулоого, мамлекеттер үчүн келечектүү маселелерди кароого өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков