Казакстандагы реформалар Европанын көңүл чордонунда. Эски континенттин талдоочулары “Борбор Азия өлкөлөрүндөгү реформалар” деген теманын алкагында жолугушту. Казакстандык демилгелер жыйындын өзөгүнө айланды. Эки континенттин өнөктөштүгү тууралуу кененирээк кийинки материалыбызда.
«Борбордук Азия: реформалар доору». Австриянын борборунда өткөн эл аралык конференцияда аймактагы геосаясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөр талкууланды. Батыш серепчилеринин айтымында, аймактагы өлкөлөр көп жылдардан бери бир бүтүн катары каралбай келет. Европа ар бири менен жеке стратегиялык өнөктөштүк түзгөн.
Эмиль Брикс, Дипломатиялык академиянын мүдүрү:
Аймакта алдыңкы өлкө катары аныкталган мамлекеттин билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура системалары күчтүү болушу керек. Бул үчүн жасалып жаткан реформаларды текшеребиз. Бирок мыктыларды аныктоо атаандаштык эмес, өнөктөштүк демилге. Кызматташтыкты чыңдоо менен аймактын бардык өлкөлөрү менен биргеликте иш алып баруу маанилүү. Бул Евробиримдиктин негизги принциптеринин бири.
Аймактын ичинде Казакстандагы реформалар батыш адистеринин өзгөчө кызыгуусун жаратты. Алар жаңы жана адилет Казакстандын түзүмүн түзүүгө багытталган саясий өзгөрүүлөр, өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгуунун бирден-бир жолу деп эсептешет.
Сванте Корнелл, Америкалык тышкы саясат кеңеши, Борбордук Азия жана Кавказ институтунун мудүрү:
Белгилүү деңгээлде өнүгүүгө жетиштик. Ал үчүн жасалган экономикалык реформалар оптималдуу болду деп айта алабыз. Бирок, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кошулуу үчүн азыр эң зарыл нерсе – саясий өзгөрүүлөр. Аны көптөгөн жылдар мурун өлкө башчылары белгилеген. Менимче, абдан тайманбастык менен реформалар киргизилди, аларды ишке ашыруу оңой болбойт.
Казакстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында ички реформалар менен катар өлкө бийлиги тышкы саясатты өнүктүрүүгө артыкчылык берип келет.
Роман Василенко, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары:
Европа тарап Казакстан менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар. Алар туруктуу коом, мамлекет жана экономиканын өнүгүп келе жатканын түшүнүп жатышат. Ошондуктан Казакстанда жүрүп жаткан реформаларды мындан ары да колдоорун билдиришти.
Европалык серепчилер сөздөн ишке өтүүгө даяр. Борбордук Азия аймагы Европа Биримдиги менен кызматташууда жашыл энергия өндүрүшүн жана транспортун өнүктүрүүгө кызыкдар. Ошондой эле, Казакстан алдыда Чыгыш менен Батышты – Европа менен Кытайды байланыштырган хабга айланарына ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков