Президент мушкер Жанибек Алимханулыны жеңиши менен куттуктады

Президент мушкер Жанибек Алимханулыны жеңиши менен куттуктады

Кесипкөй мушкер Жанибек Алимханулы жарым жеңил салмакта WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын сактап калып, экинчи титулуна ээ болду. Ата мекендик чебер АКШнын Техас штатында өткөн беттеште атаандашы немис мушкери Винченцо Гуальтьерини алтынчы раундда жеңип алды. Ошентип, 30 жаштагы казакстандык мушкер IBF версиясы боюнча жаңы дүйнө чемпиону аталды. Мамлекет башчысы Жанибек Алимханулыны жаркын жеңиши менен куттуктады. Президент, Жанибек казак бокс мектебинин жогорку деңгээли менен мыктылыгын дүйнөгө дагы бир жолу көрсөткөнүн, бул жеңиш бокс менен алектенген жаштарды бийиктиктерди багынтууга түрткү берерин белгиледи. Айта кетсек, кесипкөй мушкер Жанибек Алимханулы 15 беттеш өткөрүп, анын 10ун мөөнөтүнөн мурда нокаут менен жеңген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков