Бүгүн
Касым-Жомарт Токаевдин Тажикстанга мамлекеттик сапары башталды. Мамлекет
башчысын Душанбе аэропортунан Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон тосуп
алды. Боордош казак өлкөсүнүн урматына атактуу Курмангазынын «Адай» күүсүн аткарып, миңдеген
тажик кыздары чимириле бийлешти.
Салтанат
өлкөнүн башкы ордосу болгон «Касри
Миллат»
сарайында уланды. Мамлекет башчынын урматына расмий иш-чаранын жүрүшүндө
замбирек менен 21 ок атылды. Казакстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери
жаңырып, Касым-Жомарт Токаев менен Эмомали Рахмон делегация мүчөлөрүн бири-бири
менен тааныштырышты. Андан соң мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жолугушууда
тараптар соода-экономикалык, транспорттук-транзиттик, энергетикалык,
маданий-гуманитардык кызматташуу, ошондой эле санариптештирүү, айыл- чарба жана
суу ресурстары тармагындагы интеграция маселелерин талкуулашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан менен
Тажикстандын ортосундагы мамилелер бардык багыттар боюнча динамикалуу өнүгүүдө.
Биз-ишенимдүү союздаш өлкөлөрбүз. Казак тарап Тажикстандын казак элине болгон жакшы
ниетин жогору баалайт. Бирок муну менен токтоп калууга болбойт. Биз алдыга жылышыбыз керек. Бул сапар биздин
кызматташтыктын өнүгүшүнө жаңы дем берүү максатын көздөйт. Бүгүн союздук
мамилелер келишимине кол коюлат. Менин оюмча, бул документтин тарыхый мааниси
чоң.
Эмомали
Рахмон, Тажикстандын
Президенти:
- Урматтуу Касым-Жомарт
Кемелович, Тажикстанга кош келиңиз! Сиздер биздин өлкөгө мамлекеттик визит
менен келгениңиздерге кубанычтабыз. Бул сапар биздин эки тараптуу мамилебизге
жаңы дем берет деп ишенем. Биздин саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык
жана коргоо чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттешүүбүз динамикалуу өнүгүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков