Быйыл маанилүү саясий
окуяларга толгон жыл болду. Өлкөдө эл аралык саммиттер жана форумдар өттү,
Казакстанга дүйнөлүк лидерлер иш сапарлары менен келишти. Казакстан бир катар
абройлуу эл аралык уюмдарга төрагалык кылды. Алардын арасында Шанхай
кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук Келишим Уюму, Азиядагы өз ара
аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңеш, Түрк мамлекеттери уюму, Аралды
куткаруу Эл аралык фонду жана Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюму бар.
Айдар Курмашев,
Президент алдындагы КСИИ Азиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы:
- Казакстан аталган
төрагалыктардын баарын ар-намыстуулук менен өткөрүп, анын жүрүшүндө конкреттүү
иштер жүргүзүлдү. Буга Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммити айкын далил. Башкача
айтканда, баш оона айынын 9да консультативдик жолугушуу уюштурулду. Анын
алкагында 2040-жылга чейин аймакты өнүктүрүү концепциясы сыяктуу бир катар
маанилүү документтер кабыл алынды. Маселен, ал аймактын келечектеги өнүгүүсүн
жана анын тышкы оюнчулар менен өз ара аракеттенүүсүн аныктаган масштабдуу жана
комплекстүү программаны камтыйт.
Усмонзода
Хайриддин, Тажикстан Республикасы президенти алдындагы стратегиялык изилдөөлөр
борборунун мүдүрү:
- Тажикстан үчүн быйыл Казакстандын ШКУга кошкон салымы абдан маанилүү болду, анткени туруктуу өнүгүү маселелерине, анын ичинде экологиялык көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурулду.
Казакстан ар
дайым эл аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды
бекемдөөгө умтулат. Мамлекет башчысынын чет өлкөлүк сапарларынын жүрүшүндө кол
коюлган эки тараптуу документтер бул багыттагы конкреттүү кадамдардын далили
болуп саналат. Быйыл эле Касым-Жомарт Токаев 20дан ашык сапар жасап, 600дөн
ашык жолугушууларды өткөрдү. 2024-жыл Президенттин Италияга сапары менен
башталып, Ватикан, Катар, Татарстан, Азербайжан, Кытай, Өзбекстан, Армения,
Орусия, Сингапур, Франция, Сербия жана башка өлкөлөргө иш сапары менен уланды.
Ошондой эле, Казакстанда бир катар мамлекет башчыларын кабыл алды.
Немис серепчилери Казакстанды дүйнөлүк
аренада маанилүү роль ойногон өлкөлөрдүн катарына кошту. Германиянын
«илим
жана саясат фонду» республикага «орто
держава» макамын берди. Өлкөнүн өзөктүк куралдан
баш тартуусу, сүйлөшүү аянтчасынын сунушу, БУУнун алкагында
гуманитардык жардам жана тынчтык орнотуу демилгелери Казакстандын дүйнөлүк
оюнчу катары аброюн бекемдөөгө өбөлгө
түздү.
Нико Шермерс, Нидерландынын Казакстандагы элчиси:
- Казакстан БУУнун көптөгөн структуралык бөлүмдөрүнүн
маанилүү оюнчусу болуп саналат. Мисалы, учурда Казакстан Нидерланды менен
биргеликте БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин тең төрагасы. Биз көп тараптуу
дипломатияны карманган Казакстанды абдан маанилүү өнөктөш өлкө катары көрөбүз. Казакстан
көп кырдуу саясатын бекемдеп, эл аралык деңгээлде аброюн дагы арттырууну
улантат.
Казакстан глобалдык өзгөрүүлөргө жана
коркунучтарга ыкчам аракет этет. Быйыл күн тартибинде климаттык
маселелерге басым жасалды. Бул тема боюнча актуалдуу сунуштарды Президент
Касым-Жомарт Токаев Бакуда өткөн СОР-29 саммитинде жана Франция менен
биргеликте уюштурулган One Water саммитинде айтты. Аталган демилгелер жалпы
көйгөйлөрдү чечүүдө дүйнөлүк коомчулукту бириктирүүгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

