Казакстан Алматыда Борбор Азия жана Ооганстанды туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча БУУнун аймактык борборунун ачылышында америкалык тараптын колдоосуна таянат. Бул тууралуу аймактын жана АКШнын мамлекет башчыларынын саммитинде айтылды. Жолугушууга Касым-Жомарт Токаев Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында катышты. АКШнын президенти Джозеф Байденден кийин Казакстандын президенти сөз сүйлөдү. Форумдун күн тартибинде C5+1 өнөктөштүгү аркылуу экономика, энергетика жана коопсуздук тармактарында Борбордук Азиянын эгемендүүлүгүн, туруктуу өнүгүүсүн жана гүлдөп-өнүгүшүн бекемдөө боюнча кызматташуу маселеси талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө стратегиялык өнөктөштүк, саясий диалог, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, Евразия континентинде тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маселелери да көңүл сыртында калган жок. Саммитте экономикалык кызматташуу жана америкалык компаниялардын маанилүү кен байлыктарын, кайра жанма энергия булактарын, кайра иштетүү өнөр жайын жана башка тармактарды өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө басым жасалды. Ошондой эле, тараптар коопсуздук көйгөйлөрүн, анын ичинде терроризм, мыйзамсыз миграция жана баңги аткезчилиги сыяктуу коркунучтарды чечүүдөгү кызматташтыкты чыңдоонун келечегин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков