К.Токаев расмий иш сапары менен БАЭге барды

К.Токаев расмий иш сапары менен БАЭге барды

Эске сала кетсек, мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарында расмий иш сапары менен жүрөт. Муну менен катар президент шейх Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Ошондой эле, өлкөнүн бизнес топторунун өкүлдөрү менен жолугушат. Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери Казакстан менен Эмираттардын стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселесин талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого басым жасашат. Ортодогу соодага келе турган болсок былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча республика менен Эмираттардын ортосундагы товар алмашуу 600 миллион доллардан ашкан. Казакстан негизинен Перс булуңунун өлкөлөрүнө мунай, жез, кой, эчки этин экспорттосо, ал эми аталган мамлекеттен жер семирткичтерди, автоунаа тетиктерин импорттойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков