Казакстан мамлекеттик чек араларды делимитизациялоо боюнча маселелерге жардам бергенге даяр. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын IV консультативдик жолугушуусунда билдирди. Казакстандын президенти чек араларды делимитациялооо өз ара ылайыктуу ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн эксперттик аянт түзүүнү сунуштады. Токаев бул ишке тажрыйбалуу юристтерди, картографтарды, чек арачыларды жана башка адистерди тартуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, маселе боюнча координациялоо милдетин тышкы иштер министрлеринин кеңеши өзүнө алса болот.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Көйгөйлөрдү созуу же көңүлгө албоо акыры чыр-чатактардын күчөп кетишине алып келет. Борбор Азиядагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча бардык аракеттерди жокко чыгарышы мүмкүн. Казакстан постсоветтик мейкиндиктеги өзүнүн бүткүл чек арасын толук делимитазиция кылган бирден бир мамлекет катары өз ара ылайыктуу чечимдерди издөөгө колдон келген жардамын көрсөтүүгө даяр.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча дароо бир нече документтерге кол коюлат. Атап айтсак, достук, ынак коңшулук жана XXI кылымдагы Борбор Азияны өнүктүрүү максатында кызматташуу келишимдери бар. Алар Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы баскычынын башталышын билдирет.
Которгон: Субанбек Исмакеев