Касым-Жомарт Токаев бул документ элдердин түпкү кызыкчылыктарына толук жооп берерин жана кызматташууну чыңдоого делген эки тараптын умтулгандыгынын белгиси экенин айтты. Президенттер соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани беришти. Ага ылайык, тараптар сооданын көлөмүн эки миллиард долларга жеткирүүнү макулдашты. Буга 2023-2024-жылдарга арналган атайын жол картасы шарт түзөт. Эске салсак, өткөн жылы эки тараптуу товар жүгүртүү бир жарым миллиард долларга жакындаган. Казакстандын өндүрүшчүлөрү Тажикстанга товардын 60 түрү боюнча экспортту көбөйтүүгө даяр. Мисалы, тамак-аштан тартып темир жол жабдууларына жана кыймылдуу курамдарга чейинки товарлардын көлөмү көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле учурда өнөр жай кооперациясында, энергетикада, IT-технологияда, каржы секторунда жана агроөнөр жай комплексинде кооперацияны жогорулатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы, айыл чарба өнүмдөрүнүн жүгүртүүсү 40%га өсүп, 500 миллион доллардан ашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
Казакстан Тажикстанды буудай жана ун менен көп камсыз кылган өлкөлөрдүн бири. Бул жаатта бизде өсүмдүк майын, макарон, сүт жана кондитер азыктарын экспорттоону көбөйтүү үчүн жетиштүү резервдер бар. Өз кезегинде Казакстан Тажикстандан жашылча-жемиш азыктарын үзгүлтүксүз импорттоого кызыкдар. Биз айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү, кайра иштетүү жана сактоо боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнүн келечектерин карап чыгууга макулдаштык. Жетишилген макулдашууларды натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу максатында 2025-жылга чейин айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты жандандыруу боюнча жол картасына кол коюлду.
Эмомали Рахмон, Тажикстан Республикасынын президенти:
Сүйлөшүүлөр салттуу түрдө конструктивдүү жана өз ара ишенимге негизделгендигин айткым келет. Биз мамилелерибизди ырааттуу өнүктүрүү үчүн үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледик. Буга байланыштуу бүгүн биздин стратегиялык өнөктөштүккө союздук мамиленин мүнөзүн берүү чечими кабыл алынганын баса белгилегим келет. Биздин мамилелердин жаңы сапаты мамлекеттер аралык мамилелерди бардык багыттар боюнча мындан ары тез өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенем. Мындай тарыхый чечим Тажикстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгында кабыл алынды. Акыркы отуз жылдын ичинде масштабдуу укуктук база түзүлдү. Аны бүгүн жаңы документтер менен толуктап жатабыз.
Ошондой эле президенттер бардык деңгээлдеги ишенимдүү саясий диалогдун жана бир катар эл аралык структуралардын алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Бул бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн туруктуу өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары Касым-Жомарт Токаев Эмомали Рахмонго мамлекеттик жогорку сыйлык – «Алтын Бүркүт» орденин тапшырып, анын Казакстан менен Тажикстандын боордош элдеринин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков