Казакстан менен Таиланд визасыз режимди бекитти

Казакстан менен Таиланд визасыз режимди бекитти

Казакстан менен Таиланддын ортосунда визасыз режимди киргизүү боюнча келишимге кол коюлду. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим республиканын Министрлер кабинетинде бекитилди. Документке ылайык, эки тараптын жарандары келген күндөн тартып 30 календардык күнгө чейин бири-биринин аймагында жүрө алат. Жалпысынан Казакстандын жарандары Таиландда 180 календардык күндүн ар бир мезгилинде 90 күнгө чейин болууга укуктуу. Бул жаатта паспорттун жарактуу мөөнөтү жарым жылдан кем болбоого тийиш. Ал эми казакстандык туристтер келген өлкөнүн аймагында 1 айдан ашык калууну көздөшсө, алар тиешелүү визаны алышы керек. Дал ушундай эрежелер Казакстанга келген Таиланд жарандарына да тиешелүү болот.


Которгон: Илгиз Жамалбеков