Казакстан менен Таиланд кызматташтыкты тереңдетүүгө ниеттенүүдө. Өз ара мамилелердин дарамети Акордада талкууланды. Президент Касым-Жомарт Токаев Таиланддын Премьер-министринин орун басары – Тышкы иштер министри Сихасак Пуангкеткео менен жолугушту. Казакстан – Таиланддын Борбордук Азиядагы эң ири соода өнөктөшү. Жалпы товар айлануунун 70% өлкөгө таандык. Мамлекет башчысы дарамет дагы эле жетиштүү деп эсептей турганын айтты. Азыркы учурда Казакстанда 55 тайланддык компания катталган. Президент Тайланд компанияларын өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кароого чакырды. Сихасак Пуангкеткео Казакстандын экономикалык жетишкендиктерине чын дилинен суктанганын айтып, Тайланд өкмөтү көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

